«КР мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүү киргизилет
«Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоор иштелип чыкты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Мыйзамдын долбоору төмөнкү өзгөрүүлөрдү камтыйт:
• Жаны мыйзам долбоорунда негизги өзгөрүү аз камсыз болгон үй бүлөлөргө жөлөкпулду дайындоодо жалпы үй бүлөлүк кирешесинен пенсияны чыгарып салуу болуп саналат. Аталган суроо көп жылдардан бери калк жана КР ЖКнын бир катар депутаттары тарабынан көтөрүлүп, бирок мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылоонун жоктугунан улам чечилбей келген.
Премьер-министринин тапшырмасы боюнча тийиштүү эсептер чыгарылып, алар: 2018-жылдын 1-июлунан тартып үй-бүлө муктаж болгону аныкталса, үй бүлөлүк кирешесинен пенсияны чыгарып салса, аталган норманы 2018-жылдын кабыл алынган бюджетинин алкагында ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бар.
• «үй-бүлөгө-көмөк» 16 жашка чейинки балдарга жөлөкпулду үй-бүлөөлүк кирешеси 1 адамга минималдуу кепилденген кирешесинин көлөмүнөн –МКК (900 сом) аз болсо, үй-бүлөөнүн муктаждыктарын эске алуу менен дайындоо улантылат. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча бүгүнкү күндө 294 миң бала 810 сом өлчөмүндө (тоолуу аймактагы коэффиценттин эске алууда орто эсеп менен 875 сом) аз камсыз болгондугу боюнча жөлөкпул алышат.
• 2018-жылдын 1-январынан тартып берилип жаткан бардык ымыркайларга кайсы гана жерде төрөлбөсүн бир жолку 4000 миң сом өлчөмдө «балага сүйүнчү» каралат.
Бул мыйзам долбоорунун кабыл алынышын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жана жаштайынан бери ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөө мүчөлөрү барлар абдан күтүшкөнүн белгилеп кетүү керек. Анын кабыл алынышы менен КР Премьер-министринин тапшырмасы боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жана жаш тайынан бери ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген жактарга социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн көбөйтүү сунушталууда. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин божомолдуу маалыматы боюнча жогоруда белгиленген жөлөкпулдарды алуучулар 2018-жылы 62 566 адамды түздү, жогоруда белгиленген категорияларга жөлөкпулдардын өлчөмү 2000 ден 3000 чейин сомду түзөт. Эми аны дагы 2700 дон 4000 сомго чейин (33%) жогорулатуу пландалууда.
Өкмөт башкаруучулук, методология иштеп чыгуу жана муктаж үй-бүлөөлөрдү аныктоо процесстерин жана мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоону автоматташтыруу боюнча, ошондой эле «балага сүйүнчүнү» берүүдө жериндеги коррупциялык факторлорду азайтуу максатында жигердүү иштерди жүргүзөт.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: